Биз менен байланышыңыз

УКМК террорго шектелген 2 кыргызстандыкты колго түшүрдү

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 386 | 0

Улуттук коопсуздук комитети эл аралык террордук топтордун мүчөсү деп шектелген жарандарды Баткенден колго түшүрдү. Окуя 25-майда катталганын УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди. Алар чек арадан мыйзам өтүүгө аракет кылышканда кармалган.

Бул окуя УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында анык болду.

Шектүүлөр 29 жаштагы Р. Б. жана 27 жаштагы Р. У. аттуу Кыргызстандын жарандары болушкан. Алардын жанынан Калашников автоматынын ок-дарылары табылган. УКМК берген маалыматка ылайык, Р. Б. аттуу жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүрүп, радикал уюмдардын катарына тартылып, Сириядагы согуш болуп жаткан аймакка жөнөтүлгөн. 2017-жылы бул жаранга Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Р. У. аттуу жаран да ушундай эле жол менен Сирияга барып, өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкан. Шектүүлөр эл аралык террористтик топтун атайын машыгуу лагерлеринен өтүшкөн. Учурда кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM