Connect with us

Карамушкина: Матраимовдор менен Жээнбековдор байлыгын мамлекетке кайтарсын

Кыска кабар | 27 Май 2019 | 561 | 0

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Матраимовдор менен Жээнбековдордун байлыгын мамлекетке өткөрүп алууну талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Депутат айым бул үй-бүлөдөгү бардык бир туугандар ар дайым мамлекеттик кызматтарда иштеген. Анан «кайсыл каражаттарга хан сарайларды салып, өлкө боюнча курулуш имараттарын куруп жатышат», — деп, алар эбегейсиз мүлк чогултканын айтып, «муну менен алар элге жана мамлекетке иштеп, анан кантип туура жана таза жашоонун үлгүсүн көрсөтө алат?» дегендей таризде суроо салган…

«Бул үй-бүлөдөгү бардык бир туугандар ар дайым мамлекеттик кызматтарда иштеген. Анан кайсыл каражаттарга хан сарайларды салып, өлкө боюнча курулуш имараттарын куруп жатышат?

Чүй облусундагы 110 гектар жер кандай жол менен С.Ж.нын ээлигине өтүп калды? Мен Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышына депутат болдум. Сокулук районунда төрөлүп, азыркыга чейин ушул жерде 5 сотых жерде, эки баламдын үй-бүлөсү менен жашайм.

Башка жактан келгендерге окшоп, ашыкча жер сатып алып, же ээлеп ала алган жокмун.

Жээнбековдор, Матраимовдор, Абылгазиевдер (такталбаган маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө  наркы 400 миң доллар турган 2 коттеджи бар экени айтылат) мүлкүңөрдү көрсөткүлө!

Эми ушул адамдар элге жана мамлекетке иштеп, кантип туура жана таза жашоону мага үйрөтүшөт???»  

Copyright © 2017 Maral FM