Биз менен байланышыңыз

Ноокатта 4 бүтүрүүчү жол кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 1117 | 0

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Ак-Чал айылында 11-класстын 4 бүтүрүүчүсү жол кырсыкка кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 24-майда кечки саат 18:00 чамасында болгон. 11-класстын окуучусу атасынын «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн уурдап чыккан. Жолдон 3 классташ кызын салып, айдап бара жатып жол четиндеги мал сарайды сүзгөн.

Окуучулар Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. 3 окуучу сыныктар бөлүмүнө, бир кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM