Биз менен байланышыңыз

«Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрүнүн билим таймашы өтөт

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 819 | 2

Эртең, 25-майда Бишкекте  «Wunder time» интеллектуалдык оюнунун 1-сезонунун 3-туру өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Акыл таймаш «Сапат» лицейлерин бүтүргөн студент мырзалардын арасында өтүп, ага жалпысынан жыйырмадан ашуун команда катышат. Бир командада 6 студент болот.

Ошондой эле, иш-чарага «Сапат» билим берүү мекемелеринин башкы мүдүрү, орун басарлары, демөөрчүлөр жана башка сыйлуу адамдар конок катары чакырылган.

Таймаштын соңунда 1-2-3-орунду ээлеген командаларга баалуу белектер жана сертификаттар ыйгарылып, 1-сезондун жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө саякаттоо үчүн жолдомо тапшырылат.

Оюн «Сапат бүтүрүүчүлөрү» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Айбек Турсунов

    24.05.2019 18:44

    Вундер тайм иннллектуал оюнунун демилгелеген жетекчилерге жана озгочо Усенов Сапар досума ийгилик каалайм. Аз убакыт ичинде коптогон кишилердин достошуп алуусуна чон оболго тузулду

  2. Гуудбой

    25.05.2019 00:32

    Ийгилик!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM