Жаш ишкер Тилек Токтогазиев Айыл чарба министри болууга даяр экенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал айыл чарба тармагында ири реформаларды ишке ашыра аларын жазган.
«Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кызматына өз талапкерлигимди расмий түрдө көрсөтөм. Себеби, мен дагы көптөгөн фермерлерибиз сыяктуу эле өзгөрүүнү күтүп тажадым. Бул тармакты иретке келтирүү убактысы келди, айыл чарбаны өнүктүрүү керек», — деп жазган ишкер.
Ишкер Токтогазиев реформа жасоо үчүн долбоору да бар экендигин айткан.
Кошумчалай кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин жарыялаган. Мыйзам боюнча жаңы министрди өкмөт башчы парламентке сунуштайт. Депутаттар колдогон соң, президент дайындайт.
Аманат Роуд
24.05.2019 20:29
Татыктуу адам чын эле. Чыныгы озгоруш болмок.
Советбек
25.05.2019 01:51
Мумкун емес економиканы , технологияны Жана башкарууну билбеген кантип башкарсын?
Гулбара Мамбетиманова
25.05.2019 11:13
Тилек молодец сенден умут чон.Кыргыз элинин керегине жараган инсан бол!!!Сендей балдар оссун оомин