Биз менен байланышыңыз

24-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 452 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 7…12… күндүз: 23… 28;

Талас облусунда

түнкүсүн: 6….11….күндүз: 21…..27;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 13…18….күндүз: 22…27;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 7…11….күндүз: 18…23;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 8….10…күндүз: 20….22;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы күндүз 25….27, түнкүсүн 9…11 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM