Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 2018-2040-жылдарга Өнүктүрүү стратегиясына чоң көңүл бурат

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 430 | 0

БУУ тарабынан өнүктүрүү жаатында көмөк көрсөтүүнүн алкактык негиздерин ишке ашыруу боюнча координациялык комитеттин жыйынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, БУУ мекемелери Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга улуттук стратегияларды жана программаларды иштеп чыгып, кабыл алууга колдоо көрсөтүүдө.

Өз кезегинде БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озониа Ожиело белгилегендей, республика 2020-жылы БУУ Экономикалык жана социалдык Кеңешинин жогорку деңгээлинин саясий форумунун алкагында  Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча ыктыярдуу улуттук баяндамасынын бет ачарын жасоону пландаштырып жаткандыктан, улуттук пландарды  жана өнүктүрүү стратегияларын толук дал келтирүү милдети тургандыгын билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт 2018-2040-жылдарга карата Кыргызстандын Өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашырууга чоң көңүл бурат.

Copyright © 2017 Maral FM