Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Жакынкы 5 жылда 24 шаарда жана 248 айылда таза суу курулмалары оңдолот

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 501 | 0

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары оңдолот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Бишкекте өтүп жаткан «Аймактарга таза суу» форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчысы калкты таза суу менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкты таза суу менен камсыздоо — приоритетүү багыт катары аныкталды. Ага ылайык, өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

«Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда», — деди мамлекет башчы.

Copyright © 2017 Maral FM