Биз менен байланышыңыз

Оторбаев: «Жер үйдө» сынактык комиссия ачык-айкын иш алып барууда

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2019 | 653 | 0

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Оторбаев «Марал» радиосуна берген маегинде «Жер үй» алтын кени үчүн жумушчуларды ишке алууда сынактык комиссия ачык-айкын өтүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү эл кенди иштешип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын социалдык пакеттерине ыраазы.

«Кадрларды даярдоо, жергиликтүүлөрдү иш менен камсыздоо, инфраструктура түзүмдөрүн куруу да социалдык пакетке кирет. 5 жылдан соң «Бакубат Талас» фонду банк болот. Фонддун эсебиндеги каражаттын 60 %ы жеңилдетилген насыя катары элге берилип жатат. Калган 40 %ы социалдык объектилерди курууга жумшалууда»,  -дейт Оторбаев

Ал буга кошумча, элде маалымат аз болсо, нааразычылык орун аларын белгиледи.

Айта кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы социалдык пакет катары жыл сайын «Бакубат Талас» фондуна 100 млн. сомдон бөлүп келет. Быйыл ал сумма 150 млн. сомго көтөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM