Биз менен байланышыңыз

Оторбаев: «Альянс Алтын» жерди «Кыргызалтындан» 216 млн сомго алган

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2019 | 561 | 0

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Оторбаев «Марал» радиосуна берген маегинде «Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жер үй» алтын кенин иштетүү үчүн «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынан жерди 216 млн. сомго сатып алганын билдирди.

Ал «Жер үйдө» кен казуу иштеринин кечигип жатканын жердин сатылып алынышы менен байланыштырат.

«Сынактын шартын иштеп чыгып, лицензияны берип жатабыз. Бирок ал жерде кызык жагдай бар, кендеги курулуштун баары башка компанияга таандык болуп калган.  Лицензия өкмөттө. «Альянс Алтын» лицензия алганы менен ал жерден эч кандай долбоор түзө албайт экен. Бул маселе чечилди, бирок «Альянс Алтын» жерди сатып алган соң, иштер 6 ай кечиктирилди», — дейт Оторбаев.

Маалыматка ылайык, «Жер үй» алтын кенин иштетүү боюнча сынак жарыяланганда, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн элинен 14 делегат шайланган. Эл кенди иштетүүгө макулдук берген.

«Үлүш менен эч убакта көп пайда ала албайбыз. Анткени, башкаруу компаниянын колунда болот. Алар чыгымды көтөрүп салышат да, пайда таппайт. Биз салык кызматы менен бирге эсептеп, Кыргызстандын ала турган пайдасы 52 % дедик. Келишимде лицензия алган компания соттук чыгымдарды өз мойнуна алары жазылган. Учурда «Альянс Алтын» арызды чакыртып алып, учурда кенде 20га жакын уюм иштеп жатат. Компания өзүнүн кызматкерлерин окутууда», — дейт Оторбаев.

Аймак тургундары «Жер үйдү» иштетүүгө каршы акыркы жолу 2007-жылы митингге чыккан. Ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев «Жер үй» алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү жок экенин айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM