Биз менен байланышыңыз

Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 366 | 0

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 22-майда чыгарды.

Эскерте кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу иш апрель айында кайра жанданган. Тергөөнүн алкагында Динара Сагынбаева 15-майда камакка алынган. Бул ишке байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова жана бир катар тиешелүү кызматкерлер камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM