Биз менен байланышыңыз

«Коомдук юристтер долбоору бардык аймакта жеткиликтүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 412 | 0

Коомдук юристтер долбоорунун максаты ВИЧ, СПИД оорулары менен жабыркаган жарандарга укуктук колдоо көрсөтүү. Бул тууралуу «Сорос — Кыргызстан» фондунун саламаттык сактооо программасынын координатору Илим Сыдыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ВИЧ, СПИД менен жабыркаган бейтаптар жумушка орношууда, медициналык кызмат алууда укук бузууларга дуушар болот.

«Аларга куугунтуктоо менен мамиле кылуу, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу сыяктуу көптөгөн укук бузуулар бар. Ооруган адамдарды дарылоо жана дарттын алдын алуу маселелери да бар. Баңгизат колдонуучулардын илдетти  жуктуруу ыктымалдуулугу жогору. Мындан улам, көбүрөөк ошолор менен иш алып баруу зарыл. Башкача айтканда, биз медициналык жардамга укуктук колдоону да кошууну аракет кылып, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Глобалдык фонд менен чогуу иш алып барып жатабыз», — дейт Сыдыков.

Маалыматка ылайык, долбоор бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылат. Ал өлкөдө алгачкы жолу ишке ашырылып жаткандыктан, ири даярдыкты талап кылган.

Коомдук юристтер долбоору республика боюнча бардык аймактарда жеткиликтүү.

«Башкы өнөктөштөрдүн колдоосу менен иштеп жаткан адамдарды окутабыз. Алар биздин долбоор токтогон соң да, муктаж жарандарга укуктук жардам берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл. Эгерде учурда кесипкөй юристтерди каржыласак, алар 2020-жылы долбоор токтогондо кетип калат. Учурда 23 коомдук юристке жумушту алып кетишине шарт түзүлдү. Коомдук юристтерден сырткары, кесипкөй адвокаттар иштейт. Алар жарандарга бекер кызмат кылат. Биздин максат — көп маселелерди мыйзамдын негизинде сотко жеткирбей чечүү. Майда иштерди коомдук юристтер чечет», — дейт Сыдыков.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM