Биз менен байланышыңыз

Сыдыков: Мигранттардын арасында ВИЧ оорусу көп болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 627 | 0

«Сорос — Кыргызстан» фондунун саламаттык сактоо программасынын координатору Илим Сыдыков «Марал» радиосуна берген маегинде мигранттардын арасында ВИЧ оорусу көп болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аялдардын арасында да СПИД менен жабыркагандар бар.

«Коомдук юристтер долбоорунун максаты: ВИЧ, СПИД оорулары менен жабыркаган жарандарга укуктук колдоо көрсөтүү. Бизгө көбүрөөк эркектер кайрылат. Коомдук юристтер бейтаптар менен сүйлөшүп, маалымат берип, эгер муктаж болсо, психологдон жардам алып берет. Кайрылуу ишеними жогорулады. Жарандар маалыматты бири-бирине жеткирип жатышат», — дейт Сыдыков.

Маалыматка ылайык, Коомдук юристтер долбоору мамлекеттик медициналык уюмдар менен да кызматташат.

«Бизге кайрылган бейтаптарга метадон дарылоо ыкмасынын пайда жана зыяны тууралуу маалымат беребиз. Баңгизат колдонгон адамды айыктырууга мүмкүн эмес деген тыянак чыккан болсо, биз жок дегенде анын нашаа колдонуусун мыйзамдаштырылган жолго салабыз. Метадондун баңгизатка караганда зыяны аз.  Мындан сырткары, пробация мыйзамы абдан керек болуп жаткан. Биз аталган мыйзам менен Бишкекте тыгыз иштей баштадык. Шаар боюнча 10-15 адам пробацияга туура келип жатат», — дейт Сыдыков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM