Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ШКУнун Тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 381 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы ШКУ бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда өз ара аракеттенишүү жана кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптанганын белгиледи.

Ал ШКУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, маанилүү тармакта байланыштарды түзүү жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушууда ошондой эле, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Индиянын Тышкы иштер министри Сушма Сварадж, Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Пакистандын Тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши, Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов сөз сүйлөштү.

Алар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги саммити өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин бекемдеп, көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын ШКУда төрагалык кылуусунун жүрүшүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM