Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция кызматы боюнча сынакка кимдер катыша алат?

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 450 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча жарыяланган сынакка 18-30 жаш аралыгындагы Кыргызстандын жарандары катыша аларын билдирди.

«Эркектердин боюнун узундугу 170 сантиметрден, кыздар 165 сантиметрден ылдый болбошу керек. Айдоочулук күбөлүк, аскердик күбөлүк, билими тууралуу докумет талап кылынат. Тиешелүү документтерди Ч. Валиханов-Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан башкы башкармалыкка алып келиши керек. Ал жерден кошумча кеңеш ала алышат», — дейт Саркулов.

Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнуна чейин уланат.

Сынактык тандоодон өткөн талапкерлер ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык курстук окуудан өтүшөт. Андан соң, Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгында кызмат өтөп башташат.

Бишкекте Патрулдук милиция кызматын түзүү ишке ашырыла баштады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM