Биз менен байланышыңыз

Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 464 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде кайталанып жаткан жоболорду жокко чыгаруу жана Жарандык процесстик кодексиндеги «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамына шилтемелерди туура колдонуу максатында иштелип чыкканы айтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM