Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Меккеге барат

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 593 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-майда Мекке шаарына барат. Мындай маалымат бүгүн өлкө башчысы Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алуу учурунда айтылды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды салуу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринин айланасында пикир алмашуу болду.

Элчи ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык уюмунун XIV саммитине Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун «Чакыруу катын» тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ислам Кызматташтык уюмунун саммитине катыша турган ниетин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM