Биз менен байланышыңыз

Эл аралык илимий-практикалык конференция веложүрүш менен жыйынтыкталды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 678 | 0

Бишкекте башталган эл аралык илимий-практикалык конференция Ысык-Көлдө аяктады. Форумга Израил, Франция, Германия, Монако, Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Украина жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген кардиохирургдар жана башка коноктор катышты.

Иш-чара 15-майда башталып, 15-16-май күндөрү форумдун тажрыйбалык бөлүгү каралып, ар кандай темадагы чеберчилик сабактар (мастер-класс) өткөрүлгөн. 17-май күнү «Орион» отелинде конференциянын расмий ачылышы өтүп, секциялык отурум болду.

Форумдун илимий бөлүгү 18-майда Ысык-Көлдө уланды. Анда баяндамалар жасалып, медициналык жабдуулардын көргөзмөсү уюштурулду. Ал эми 19-майда Чолпон-Ата шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин веложүрүш жасалды. Бул жүрүштүн максаты, ден-соолукту чыңдоо жана активдүү өмүр сүрүүгө чакыруу болгон.  Аягында Ахунбаевдин эстелигине гүлчамбар коюп, аны эскеришти.

Форумдун өзгөчө коноктору катары Орусиялык профессор Лео Бокерия жана Казакстандан келген академик Сейтхан Жошибаев болду. Бул инсандар Ахунбаевдин шакирти болуп, убагында чогуу иштешкен. Алар академик Иса Ахунбаевдин кандай инсан болгонун сыймыктануу менен эскерип беришти.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Жамалбек Ашимовдун айтымында, бул иш-чара бизде иштеп жаткан адистердин чет өлкөгө чыкпай эле, ошол жактын тажрыйбасын өз мекенинде туруп үйрөнө билүүсүнө шарт түздү.

Белгилей кетсек, форум, академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чара ошондой эле, Орто Азия боюнча жүрөккө алгачкы жолу операция жасоонун 60 жылдыгына жана жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун 15 жылдыгына да арналды.

Copyright © 2017 Maral FM