Биз менен байланышыңыз

«Евровидение — 2019» конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 386 | 0

Нидерландынын өкүлү Дункан Лоуренс “Arcade” аттуу ыры менен 492 упай алып, «Евровидение — 2019» конкурсунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу  ТАСС агентиги жазды.

Экинчи орунду Италиядан келген катышуучу Mahmood 465 упай менен алды. Оруссиянын атынан катышкан Сергей Лазарев “Scream” атуу ыры менен 369 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи.

Конкурстун финалдык бөлүгүнө 26 өлкөнүн өкүлү катышты. Жеңүүчүлөрдү катышкан өлкөлөрдөн барган тажрыйбалуу калыстар менен теле көрүүчүлөрдөн барган упайлар аныктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM