Биз менен байланышыңыз

Баткенде ишкердикти колдоо борбору ачылды

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 565 | 0

Баткен шаарында JIA бизнес ассоцияциясынын алдында түптөлгөн Ишкердикти колдоо борборунун расмий ачылыш аземи болду. Аталган борбор Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун «Бизнести илгерилетүү жана чакан-орто ишканаларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Иш-чарага уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, Элчи Пьер фон Аркс, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, жергиликтүү бийликтин, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана ишкерлер катышты.

Ишкердикти колдоо борбору ишкерлерге бизнес маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, колдоо жана бизнес демилгелерди жаратуу, ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM