Биз менен байланышыңыз

Жүрөккө операция жасоонун заманбап ыкмалары боюнча дарыгерлер тажрыйба алмашышты

Ден соолук | 17 мая 2019 | 1079 | 0

Эгерде керектүү жабдыктар менен толуктап берсе, дарыгерлер жогорку технологиялык ыкмалар менен жүрөккө операция жасоого даяр. Бул тууралуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Жамалбек Ашимов эл-аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди. Аталган иш-чара академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына арналган. Ага Израил, Германия, Монако, Түштүк Корея, Кытай, Орусия, жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн кардиохирургдар келген.

Ашимовдун айтымында, форум кардиохирургдардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп, Кыргызстандагы жүрөк хирургиясына көңүл буруу максатында уюштурулган.

— Кыргызстанда жогорку технологиялык ыкмаларды колдонуу менен жүрөккө операция жасоого мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде керектүү аспаптар толук болсо эле адистер иштетүүгө даяр. Анүчүн демөөрчүлөрдү тартышыбыз керек. Бул — биздин биринчи максат. Жакында эле Сауд Аравиядан 1,5 миллион долларлык грант утуп алдык, ага жаңы жабдыктарды сатып алууну көздөп жатабыз. Ал эми экинчи максат, бизде иштеп жаткан адистер чет өлкөгө чыкпай эле, ошол жактын тажрыйбасын үйрөнө билүүсүнө шарт түзүү. 

Уюштуруучулардын бири, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун башкы дарыгери Артурбек Жуманазаровдун айтымында, форумдун илимий бөлүгү Ысык-Көлдө уланат.

— Үч күндөн бери тажрыйбалык бөлүгү өттү. Бүгүн теория жагы башталат. Теориялык бөлүктө жалаң кардиохирургдардын катышуусунда Ысык-Көлдө да конференция болот. Конференция бүткөндө Чолпон-Атадан Тору-Айгырга чейин веложүрүш жасалат. Ахунбаевдин кичи мекениндеги эстелигине чейин келишип, ага гүлчамбар коюшат. Ошону менен иш-чара жыйынтыкталат.

Эл аралык деңгээлде өтүп жаткан илимий-практикалык конференцияга аймактык дарыгерлер да катышууда. Ош облустар аралык бириккен клиникасынын кечиктирилгис жана интерверенциялык кардиология бөлүмүнүн дарыгери Арстанбек Исаков да Оштон атайын тажрыйба алмашуу үчүн келген.

— Биз кечээ келгенбиз. Кечээ мастер-класстар болгон. Ага катышып, башка өлкөлөрдөн келген коноктордун жаңы өнүккөн ыкмалар менен операция жасоосуна күбө болдук. 

Форумдагы коноктордун бири кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, академик Сейитхан Жошибаев. Ал академик Иса Ахунбаевдин шакирти катары көп жылдар бою чогуу иштешкен. Ахунбаев өз убагында космоско учкандардай атактуу болгонун айтып эскерди. Андан сырткары, Кыргызстандагы медицина өнүккөнүн, бирок, техникалык жабдуулардын эскилиги жеткенин сындап өттү.

— Мен иштеп турган убакта Америка өздөрүнүн аппараттары менен келип жардам берди эле. Ошолор таштап кеткен жабдыктар менен дале иштеп жатат. Ал деген качанкы, эскирди да, 2000-жылдардагы болуш керек. Азыркы аппараттар башкача, өнүккөн. Ошондуктан, техникалык жабдууларды жаңылаш керек. Ошондо медицина дагы жакшырат. Ал эми иштейм деген дарыгерлердин баары билимдүү деп айта алам.   

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институту Сауд Аравия 1,5 миллион долларлык грант бөлгөнүн кабарлады. Анын эсебинен жакында жүрөккө операция жасоого керектүү техникалык каражаттар алынарын айтышууда.

Белгилей кетсек, профессор Иса Ахунбаев Орто Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп жүрөккө операция жасагандан бери 60 жыл өттү. Бул окуя ошол учурдагы Орто Азиядагы медицинанын эң өнүккөн деңгээлин көрсөткөндүгү айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM