Биз менен байланышыңыз

Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 791 | 0

Бүгүн, 15-майда Бишкекте академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Иш-чара ошондой эле, Орто Азия боюнча жүрөккө алгачкы жолу операция жасоонун 60 жылдыгына жана жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун 15 жылдыгына да арналды.

19-майга чейин улана турчу конференциянын жүрүшүндө ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Маселен, 15-16-май күндөрү форумдун тажрыйбалык бөлүгү орун алып, анда төмөндөгү темалар боюнча чеберчилик сабактар (мастер-класс) өткөрүлөт:

  1. Жүрөк капкагын жалгоо хирургиясы боюнча;
  2. Тубаса жүрөк кемтиги хирургиясы боюнча;
  3. Интервенциялык аритмология жана кардиохирургия боюнча;
  4. Интраоперациялык кызыл өңгөч аркылуу тартылуучу эхокардиография боюнча.

17-май күнү «Орион” отелинде конференциянын расмий ачылышы өтүп, секциялык отурум болот.

Форумдун илимий бөлүгү 18-майда Ысык-Көлдө уланат. Анда, баяндамалар жасалып, медициналык жабдуулардын көргөзмөсү уюштурулат. Андан сырткары, фармацефтикалык компаниялардын таанытым иштери орун алат. Ал эми 19-майда Тору-Айгыр — Бает көчөлөрүндө веложүрүш жасалат.

Кошумчалай кетсек, Форумга Израил, Франция, Германия, Монако, Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Украина жана Казакстан өлкөлөрүнөн коноктор келишкен. Жалпы 450дөн ашык катышуучу болору кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM