Биз менен байланышыңыз

Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына карата дүйнө окумуштууларын чогулткан конференция өтөт

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 821 | 0

15-майдан 19-майга чейин академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Ошондой эле, бул иш-чара Орто Азия боюнча жүрөккө алгачкы жолу операция жасоонун 60 жылдыгына, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун 15 жылдыгына да арналат.

Илимий-практикалык конференциянын тажрыйбалык бөлүмүндө атайын чеберчилик сабактар (мастер-класс) өткөрүлүп, расмий ачылышында секциялык отурум болот. Ал эми илимий бөлүктө баяндамалар жасалып, медициналык жабдуулардын көргөзмөсү уюштурулат.

Мааракелик чогулушка Кыргызстан, Израил, Франция, Германия, Монако, Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Украина жана Казакстан өлкөлөрүнөн жалпы 450дөн ашык кардиолог, анестезиолог, терапевт жана жүрөк-кан тамыр хирургдары келери күтүлүүдө. Дүйнөлүк белгилүү окумуштуулардын катышуусунда өтүүчү бул конференция салтка айланган жакшы саамалык болору, кыргыз кардиохирургиясынын тарыхындагы маанилүү делген жана 2019-жылдагы эң көрүнүктүү илимий иш-чара экени айтылууда. Ар бир катышуучуга тажрыйба алмашуу, жаңы билимдерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Белгилей кетсек, профессор Иса Ахунбаев Орто Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп жүрөккө операция жасагандан бери 60 жыл өттү. Бул окуя ошол учурдагы Орто Азиядагы медицинанын эң өнүккөн деңгээлин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кардиохирургия ар тармактуу өнүгүп, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM