Биз менен байланышыңыз

Депутат: Парламенттик башкаруу эмес, парламентти башкаруу доорундабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 665 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнүн айтып, элди алдап келе жатканын билдирди.

«Парламенттин мүчөсү катары парламенттик башкаруунун 1 пайызын да көргөн жокмун. Парламенттик башкаруу сөзүнүн «к» тамгасы түшүп калып, азыр парламентти башкаруу эпохасында жашап жатабыз. Референдум өткөрүп, же парламенттик башкарууга өтүп ЖК жоопкерчилик алышы керек, же президенттик башкарууга өтүп, премьер-министрлик кызматты жоюу зарыл», — дейт эл өкүлү.

Анын айтымында, Кыргызстанга президенттик башкаруу керек. Анткени, парламенттик башкаруу өлкөдө өсүп-өнбөй турганын көрсөткөн.

«Парламенттик башкаруу аймактык, тармактык башкарууга алып келди. Бизнесмендер өзүнүн аймагына көңүл бөлөт. Мындай кырдаалда канчалык жаман десек да, бизге президенттик башкаруу ыңгайлуу экен. Президент элдин добушу менен жоопкерчилигин кошо алышы керек. Учурда президент элдин добушун алат да, жоопкерчиликти өкмөткө жүктөп коюуда. Өкмөт мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укутарынын бирин да пайдалана албай жатат. Ал эрки жоктугунан улам, Президенттик Аппаратты карап отурат» — дейт Момбеков.

Copyright © 2017 Maral FM