Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Салах «Реал» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыска кабар , Спорт | 16 мая 2019 | 505 | 0

«Ливерпульдун» чабуулчусу Мохамед Салах карьерасын «Реал Мадридде» улантуусу мүмкүн.

Canal+ басылмасынын журналисти Филипп Краёндун маалыматына ылайык, египеттик футболчунун өкүлдөрү испаниялык клуб менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анын кошумчалашынча эки тараптын сүйлөшүүсү жаңы башталган.

Салахтын англиялыктар менен 2023-жылга чейин түзүлгөн келишими бар. Transfermarkt порталы 26-жаштагы чабуулчуну 150 миллион еврого баалаган.

Бул сезондо Мохамед Салах «Ливерпуль» үчүн жалпы 51 оюн өткөрүп, 26 гол жана 13 голдук чыгарып берүүнүн автору болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM