Биз менен байланышыңыз

Актер Жолдошбек Жанжигитовдун апасы: Баламды элдин баласы дейм

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2019 | 1660 | 0

Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору, актер Жолдошбек Жанжигитов да апасы Замира Тапаева менен келип, «Маралдын» энелер күнүнө арналган эфиринин коногу болду. Замира Тапаева актер уулу жана бала тарбиялоо тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү:

— Мен балам менен сыймыктанам. Баламды элдин баласы дейм. Даражасы көтөрүлгөн сайын «Ушул ийгиликтерин атасы да көрсө болмок», — деп ичимден сызып алам. Баламдын амандыгын, ден соолугун күнү-түнү тилеп келем. Уулум кичинекей кезинде эле жөндөмү бар эле. Ыраматылык таенеси «балам артист болот» дечү.

Келиним (Жолдошбек Жанжигитовдун жубайы,-ред.) көп сүйлөбөйт. Мен келгенде тосуп алып, баарын даярдайт. Неберелерим эми айтып бүткүс… Келин экөөсү кеңешет окшойт, белектерин беришип, оюмду айттырбай түшүнүшөт.  Кудай жаман көздөн сактасын. Уулум келсе дөө-шаа келе жаткандай болот. Бул жок болсо, үй караңгылай түшөт. Дүйнө жүзүндө бардык энелерге ден соолук калаайм.

Жолдошбек Жанжигитов

— Бардык эне кол жеткис. Мен өзүнө көп айталбаганым менен, апам менен сыймыктанам. Таятам райондун молдосу болчу. Ал: «Менин жолумду жолдойсуң», — дечү. Мен: «Коюңузчу!» — деп качар элем… Өзүмдүн балдарым чоңоюп калганына карабай, апама дале эркелеп, көп тентектик кылам. Кээде көп көңүлүн оорутуп алган күндөрүм да болот. Андайда өкүнүп калам, сыртка чыкканда экинчи антпейм дейм. Аялдар жөнүндө көп эле жазыпмын, а бирок апама жазбапмын. Балким көрөңгөм толо электир. Андайда апам: «Баарына эле жазасың, мени деле эстеп койсоң боло», — деп таарынат. Апамдын өмүрүн тилейм. Биздин жакшылыктарыбызды көрүп, ден соолукта болсун. Апамдын батасын күн сайын алууга ашыгам. Апам менен сыймыктанам. Ал мен үчүн дайым жаш жана сулуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM