Биз менен байланышыңыз

Президент иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 424 | 0

Бүгүн, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.

Иш сапардын алкагында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барат. Ошондой эле, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, райондун тургундары менен кездешет.

Эртең, 17-майда мамлекет башчы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барып, шаардын тургундары менен да жолугушат. «Акылдуу шаар» жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM