Биз менен байланышыңыз

Энелер күнүнө карата «Маралда» белгилүүлөр энелери менен маек берет

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 362 | 0

Эртең, 16-майда Марал радиосу бардык эфирлерин кыргызстандык энелерге арнайт. Тагыраак айтканда Энелер күнүнө карата атайын берүүлөр топтому обого чыгат.

Эрте менен саат 8:00дөн баштап саат 11:00гө чейин «Белгилүүлөр энелери менен» атайын чыгарылышы башталат. Анда коомдук ишмер Чынара Касмамбетова, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, актёр, Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору Жолдошбек Жанжигитов, мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, ырчы Назми, комузчу Закирбек Дуйшөнбек уулу, акын  Мирлан Самыйкожо жана дагы бир топ белгилүү адамдар апалары менен келип, «Маралдын» студиясында түз эфирге чыгат.

Мындан сырткары саат 13:00дөн 15:00гө чейин атайын угармандар үчүн «Апама алкыш» уктуруусу башталат. Анда угармандар студияга келип, апаларына түз эфирден чалып куттуктоо жана каалоо тилектерди айтышат.

Ошондой эле башка уктуруулар да бардыгы энелердин көйгөйлөрү, маселелерине арналмакчы. Биздин жыштыктар Бишкекте 88.5, Ош жана Жалал-Абадда 95.3, Ысык-Көлдө 105.5 жана Нарында 106.3, Таласта 106.1 жана Баткенде 105.5

Ал эми бизди онлайн бул шилтеме аркылуу уга аласыздар  http://maralfm.kg/radio/

Мындан сырткары биздеги эфирлер Facebook  баракчабыздан  түз көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM