Биз менен байланышыңыз

АЗСтер жана нефтебазалар пландан тышкары текшерилүүдө

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 436 | 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан учурда күйүүчү май жана газ куюучу жайларды, нефтебазаларды пландан тышкары текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

2018-жылы Кыргызстан боюнча жалпы май сактоочу жана май куюучу жайлар текшерүүдөн өткөрүлгөн. Айрым талаптарга жооп бербеген ишканаларга Мамэкотехинспекция тарабынан эскертүүлөр берилип, мыйзам бузуулар жөнгө салынган.  Мисалы «ЖНПЗ КУА» ЖЧКсы Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2018-жылдын 14–июнунда Экономика министрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмү менен макулдашылган жолдомонун негизинде пландуу текшерүү жүргүзүшкөн.  Эреже бузуулар аныкталган соң, 10 пункттан турган мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилген. Мунун негизинде, 2018-жылдын 25- июнунда берилген талаптардын аткарылышына карата көзөмөлдүк текшерүү жүргүзүлүп, эскертүүлөрдүн арасынан 4 пункт аткарылбаганы аныкталган.

Белгилей кетсек, чектөөлөр жана жоюулар боюнча иш-чаранын планы иштелип чыккан эмес. Ошондой эле, кызматкерлерге өндүрүштүк коопсуздук, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча окуулар өткөрүлгөн эмес. Инженердик-техникалык кызматкерлерге кызматтык көрсөтмө китепчеси берилбегени жана жумушчулар үчүн өндүрүштүк тейлөө көрсөтмөсү өткөрүлбөгөнү аныкталган. Буга байланыштуу «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин 79-беренеси менен нефтебазанын жооптуу өкүлү Ташиев Маликке 7500 (жети миң беш жүз) сом административдик айып салынып, толук өндүрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, аталган нефтебаза 2009-жылдын 2-ноябрында мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын уруксаты менен пайдаланууга берилген. Резервуарлар паркында 1000 метр куб 4 даана, 2000 метр куб 4 даана, 50 метр куб 16 даана бар. Нефтебаза аймагында 1000 метр куб суу сактагыч (водоем), атайын насостук станция магистралдык линиясы менен, андан тышкары, 4 жерге өрткө каршы суу гидранттары жайгашкан. 4 жерге өрткө каршы калкандар алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары менен толукталып орнотулган. Мындай иш-аракеттер талап боюнча күйүүчү май сактоочу жайларда толугу менен орнотулушу зарыл.

Ал эми аталган нефтебазанын күйүүчү майды сактоочу жайындагы өрттүн келип чыгыш себептери учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы иликтөө лабораториясы тарабынан иликтенип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM