Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: УКМКга президентке тең ата боло алган жетекчи келиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 526 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде УКМК талкаланган, эч нерсеге жарабаган орган экенин билдирди.

Анын пикиринде, УКМКнын ишин иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүү зарыл. Комиссиянын курамына оппозиция, жарандык коомдун жана ЖМК өкүлдөрү кирсе, жыйынтык болушу мүмкүн. Ал эми депутаттык комиссия жарабайт.

Депутатык комиссия маанилүү институт. Бирок бүгүнкү күндө ал иштей албай жатат. Анткени, эл өкүлөрүнүн баары президентке баш иет.

Жээнбеков «Коопсуз шаар» долбоору боюнча да көп маселе бар экенин белгилеп, мындан улам, мурда өткөрүлгөн тендерлерди иликтөө үчүн мамлекеттик-коомдук комиссия түзүлүү зарыл экенин айтып өттү.

Мындан сырткары, УМКнын төрагалык кызматына аскер адамы эмес, жарандык коомдун өкүлү барышы керектигин кошумчалады.

«УКМКнын жетекчиси президентти токтото турган адам болушу керек. Башкача айтканда, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго тең ата боло ала турган адам келиши кажет. Ар бир кызматта реформа жүргөн соң, бардык багытта кесипкөй адистер иштеши зарыл», — дейт Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда отставкага кетти. Төраганын мындай чечим кабыл алышына биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM