Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 68 %ын аялдар түзөт

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 536 | 0

«Аял – өмүрдүн, сүйүүнүн жана боорукерликтин алып жүрүүчүсү, бекем жана бактылуу үй-бүлөнүн өзөгү», — деп билдирди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдөн келген аялдардын II форумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр баса белгилегендей, ШКУ коопсуздук, экономика, маданий жана гуманитардык байланыштар чөйрөсүндө жемиштүү кызматташтыктын мисалы болуп саналат.

«Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен бул уюмдун географиясы Евразиянын үчтөн бирин түзөт, анын аймагында дүйнө жүзүнүн калкынын 43 %ы же 3 миллиарддан ашуун адам жашайт. ШКУ мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк деңгээлдин 20 %ын, тактап айтканда, 15 триллион долларды түзөт. Ал эми өлкөлөрдүн экономикасы орточо 5 %га өсүүдө», — деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн орун алуусуна жеке салымын кошкон көрүнүктүү аялдарга токтолду. Ал ошондой эле, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү ролун белгилеп өттү.

«Кыргызстандын аялдары коомубузда бардык мезгилдерде өзгөчө макамга ээ болуп келишкен жана бүгүнкү күнү жаңы турмушту курууга көмөктөшүп жатышат. Буга Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гендердик теңдик жана адам укуктары боюнча негизги эл аралык милдеттерди өзүнө алганы өбөлгө болду», — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, учурда өлкөдө гендердик саясаттын ар түрдүү багыттары боюнча көптөгөн аялдар уюмдары жана гендердик уюмдар иштейт.

«Мындан тышкары, Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылып жатат. 2018-жылдын ноябрында Өкмөттүн чечими менен 2018-2020-жылдарга карата Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы бекитилген. Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 68 %ын аялдар түзө тургандыгын эске алуу менен, аялдардын лидерлигин колдоо өлкө Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», — деп кошумчалады.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУнун баш катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын Премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдыкалыкова, Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл Кытай Аялдар федерациясынын төрайымынын орун басары Ся Цзе, Орусия Аялдар биримдигинин төрайымынын орун басары Надежда Ремнева, ошондой эле, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коомдук жана мамлекеттик ишмер аялдары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM