Биз менен байланышыңыз

«УКМК корупция боюнча каалаган адамга айып тага алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 551 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде Улуттук коопсуздук комитетинен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын (АКС) жана тергөө кызматын бөлүп чыгуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, УКМК жабык орган. Мындай жабык уюм коррупция менен эч качан күрөшө албайт. АКСтин УКМКга бириктирилиши Конституцияга да каршы келген.

«АКСти УКМКдан бөлсөк, бул орган терроризм жана экстремизм менен жакшыраак күрөшөт. Тергөөнү да УКМКдан алып салуу зарыл. Милициялар адамдарды кыйнаганы боюнча араң айтып чыксак, УКМК ал ишти да жабык карап жатышат. Жабыктыктын артындагы коррупция эч качан натыйжага алып келбейт. Ошондуктан, бул органдан жөнөкөй ишкерлер да коркот. Анткени, УКМКда каалаган адамына «Коррупция» беренеси боюнча айып таккан ыкмасы бар. Биздин УКМКга ыйгарылган укук дүйнөдө жок», — дейт Карасартова.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков парламент жыйынында УКМКнын ишин иликтөө үчүн депуттык комиссия түзүүнү демилгелеген.

Бирок Карасартова УКМКнын ишин иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

«Депуттар өз ишин мыйзам чыгарууга багыттап, бири-бирине карама-каршы иштеп жатканы менен иштери жок. Бүгүн көзөмөл функциясын күчөтүү зарыл», — дейт укук коргоочу.

Copyright © 2017 Maral FM