Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Эми УКМК айткан бир да сөзгө ишенбейбиз

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 597 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде Улуттук коопсуздук комитетинен тергөөнү бөлүп алып, өзүнчө тергөө комитетин түзүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө да өзүнчө уюм кажет. Бирок ал мекеме УКМКнын ичинде болбошу зарыл. Анткени, атайын кызмат экономикалык маселелер менен алектенбеши керек.

«УКМКга бөлүнгөн акчалар кайда кетип жатканын эч ким билбейт, көзөмөлгө алынбайт. Бул органда аңдуу, курал алып жүрүү мүмкүнчүлүгү жана адам өлтүрүү укугу бар. Булар президентке кызмат кылат, коррупция деп душмандары менен иштейт. Мындай уюмду тез арада реформалоо зарыл. УКМК мамлекеттин эсебинен өздөрүнүн кызыкчылыгын тандап жатса, анда буга чейин атайын кызмат козгоп жаткан кылмыш иштеринин баары юридикалык жактан болбосо да, моралдык жактан сынды. Биз мындан кийин УКМК айткан бир да сөзгө ишенбейбиз», — дейт Жээнбеков.

Саясатчы  өлкөдө жашыруун тергөөгө алына турган саналуу гана багыттар бар экенин эске салып, бирок УКМК бардык ишти жабык карап жатканын сынга алды.

«Эмне үчүн ЖЭБ чыры боюнча иш жабык тергөөдө? Ал жерде кандай жашыруун сыр бар? УКМК баарын жашыруун карап жатканы коркунучтуу нерсе», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM