Биз менен байланышыңыз

Президент ШКУнун Коопсуздук Кеңешинин катчыларын кабыл алды

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 604 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Алар уюмдун Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын XIV сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келишкен.

Өлкө башчысы жолугушуунун катышуучуларын кабыл алып жатып, ШКУнун Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйынын өткөрүү Кыргызстан эле эмес, уюмга кирген бардык мамлекеттер үчүн да маанилүү экенин белгиледи.

«ШКУнун бардык мүчөлөрү коопсуздукка көңүл бурушу зарыл. Бүгүнкү күндө глобалдык дүйнөдө ШКУнун аймагында коркунуч жана башаламандык жарата турган бир катар негативдүү процесстер орун алып жатат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттерде жашаган адамдардын террордук уюмдарга тартылып кетип жатканы өзгөчө курч маселе экенин белгилейт.

“Алар карапайым адамдардын тынчтыкта жашоосуна, эртеңки күнгө ишенимдүү карап, жагымдуу жагдайда өнүп-өсүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Учурдагы чакырыктарга каршы күрөшүүдө жакшы натыйжага ырааттуу жана системалуу иш аркылуу жетүүгө болот. Ошондо да биргелешкен, жамаатташкан күч-аракеттер менен гана», — деп белгилейт мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле, кызматташтыктын динамикасынын өсүшүн баалап, ал ЖКУга Индия жана Пакистанды алып келгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM