Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Өзбек коопсуздук кеңештеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 689 | 0

Бүгүн, 14-майда, Бишкек шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудовдун  төрагалыгында эки тараптуу кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар чек ара, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө жана кызматташуунун натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар мындан ары да Мамлекет башчыларынын жетекчилигинде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM