Биз менен байланышыңыз

Сүттү кайра иштетүүчүлөр сүттү кымбатыраак баада ала баштады

Экономика | 14 мая 2019 | 609 | 0

Кайра иштетүүчүлөр фермерлерден сүттү кымбатыраак ала баштады. Тактап айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 сомго көтөрүлдү. Албетте, баа сүттүн майлуулугуна жараша коюлат. Бул кымбаттоо фермерлердин өкмөт башчыга кайрылуусунан кийин болгон.

Ысык-Ата районунун тургуну Жеңишбек Сыдыков сүттү кайра иштетүүчү заводго айыл элинен сүт чогултуп өткөрөт. Мурда элден 14 сомдон алса, азыр 19-20 сомдон ала баштады.

— Заводго 24-25 сомдон өткөрөбүз. Кең-Булуң, Ивановка, Токмок жактан чогултуп келебиз. Сүттүн кымбат алына баштаганы эл үчүн жакшы болду. Эми базарда саан уй баа болуп жатат. 

Күнүнө 2 тоннадан ашык сүттү заводго өткөргөн Санат Жумашалиев мурдагы баадан айырмасы 2-3 сом болсо да, карапайым эл үчүн чоң салым болуп жатканын белгилейт.

— Элдин баары ыраазы. 2 сом айыл үчүн жакшы эле баа. Бирок дагы көтөрүлсө дешет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын жай мезгилинде сүттүн баасы төмөндөп кетчү. Өткөн жылдары кайра иштетүүчүлөр майлуу сүттү 13-14 сомдун тегерегинде алып келишсе, быйыл  3.1-3.2 % майлуулуктагы сүттү 19 сомго чейин сатып алышууда.

600дөн ашык киши эмгектенип, күнүнө 180 тоннадай сүт сарптаган «Үмүт жана Ко» сүттү кайра иштетүүчү заводу 25 сомго чейин алат. Заводдун жетекчиси Кайрат Абдуллаевдин айтымында, баалар майлуулугуна жараша коюлат. Элден көбүнесе 3.1-3.2 % майлуулукта келет. «Бирок сүттөр кабыл алынгандан кийин да сапаты текшерилет», — дейт заводдун башкы лаборанты Наталья Кионенко.

— Бизге сүт тонналап келет. Албетте, келери менен сапатын, ошондой эле майлуулугун текшеребиз. Бирок бизге чейин сүттү айыл тургундарынан топтоп келгендер да өздөрү майлуулугун жана сапатын текшерип алышат.

«Үмүт жана Ко» сүттү кайра иштетүүчү заводунун директору Кайрат Абдуллаевдин айтымында, бааны көтөрүүдө өкмөттүн салымы болгон. Монополияга каршы күрөшүүгө байланыштуу текшерүүлөрдөн кийин, өкмөт башчынын сунушу менен баалар 25 сомго чейин көтөрүлдү. Мындай баа учурда Ош, Талас облустарында да сакталууда.

— Өкмөттөн бизге сунуш болду, анын негизинде бааны көтөрдүк. Маселен, мурда элден 12-13 сомдон, заводдон 19 сомдон алсак, азыр элден 19 сомдун тегерегинде алып, бизге 25 сомдон өткөрүп жатышат. Негизи жай келери менен баа кескин түрдө төмөндөйт. Бирок эми баа майлуулугуна жараша туруктуу кармалат. Биз 24-25 сомдон алабыз.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев фермерлердин өткөн жылдагы кайрылууларын эске алуу менен сүттү кайра иштетүүчүлөргө сатууда бааны көтөрүү керектигин сунуштаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM