Биз менен байланышыңыз

Алгачкы 4 айда ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 5,7 %га жогорулады

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 421 | 0

Ушул жылдын январь-апрелинде ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 150 миллиард сомдун тегерегинде болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7 %га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, январь-апрель айларында, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 131 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 %га өстү. Айыл чарбасындагы реалдуу өсүш 1,8 %ды, курулуштагы, дүң жана чекене соодадагы өсүш  4,3 %дын тегерегин түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Апрелде мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, керектөө баалары жана тарифтери республика боюнча жалпысынан 0,4 %га төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу Нарын облусунда (0,6 %га) белгиленип, негизинен башка облустарга салыштырмалуу, тамак-аш өндүрүмдөрүнө жана алкоголдук эмес суусундуктарга (1,8 %га) талап көбөйгөн. Керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп төмөндөөсү Ош шаарында (0,8 %га) байкалган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-мартында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашуун сумманы түзүп, 2018-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,3 %га төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук келип түшүүлөр 8,7 %га төмөндөгөн, ал эми экспорттук өсүш 13,7 %га жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен ушул жылдын январь-мартында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 509,5  миллион долларды түзүп, 2018-жылдын январ-мартына салыштырмалуу  3,5 %га төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 18,7 %зга төмөндөгөн, ал эми импорт 1,9 %га жогорулаган.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 61,0  %ды жана Казакстан менен 37,8  %ды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM