Биз менен байланышыңыз

«Бийлик көп ката кетирүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 657 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эфирге чыгып, бийликти сындабаса да, алар көп ката кетирүүдө. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик олуттуу каталарды кетирип жатат. Атамбаев бийликке реалдуу оппозиция болуу потенциалына ээ.

«Атамбаевдин акчасы көп, ресурсу бар. Атамбаев оппозиция болбосо, башкалар бийликке каршы тура албайт. Ажолордун ортосунда принципиалдуу тиреш болуп жатат. Оппоненттер бири-бири менен уруша беришет. Атамбаев айтпаса да, бийлик ката кетирген сайын, эл анын сөзүн эстейт», — дейт Сариев.

Ал мындан сырткары, Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун чыры тышкы күчтөргө жагып жатканын белгиледи.

Сариев буга кошумча, Жээнбеков менен Атамбаевдин айырмачылыктарына токтолду.

«Жээнбеков түштүк аймагынан, ал бийликке акырындык менен көтөрүлүп көнгөн. Ал эми Атамбаев системалуу саясатчы эмес. Атамбаевдин командасында да 4-5 «мозговой центр» бар болчу. Алар күчтүү болгону менен Атамбаев президенттик шайлоонун алдында өлкө башчы түштүк тараптан болсун деп Жээнбековду тандады», — дейт саясат талдоочу.

Сариев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге көз каранды болбой турганын мурда айтканын эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM