Биз менен байланышыңыз

2018-жылы өлкөгө туруктуу жашоо үчүн 1,7 миң адам келип, 7,1 миң адам чыгып кеткен

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 509 | 0

2018-жылы тышкы миграциянын агымы көп болгон. Тагыраак айтканда, келгендердин санына караганда, башка жакка туруктуу жашоо үчүн, же ал жакта узак мөөнөткө жашоо үчүн чыгып кеткендердин саны көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2018-жылы өлкөгө туруктуу жашоо үчүн 1,7 миң адам келген, ал эми 7,1 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. Натыйжада, миграциялык баланс 1,4 эсеге көбөйгөн, ал эми миграциялык агымдын интенсивдүүлүгү 2017-жылы  -0,6 адамдан 2018-жылы -0,9 адамга чейин өстү.

Калктын миграциялык агымы  -5,4 миң адамды түздү. 2017-жылы 2,0 миң адам келген, 5,9 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен, калктын миграциялык агымы  -3,9 миң адамды түзгөн болчу.

Ошентип, 2018-жылы  туруктуу жашоо үчүн кеткен өлкөнүн калкынын эмиграциясы көбөйгөндүгү белгиленген, мында мурдагыдай эле Орусия жана Казакстан басымдуу мамлекеттер болуп саналды.

Чет өлкөгө чыгып кетүүнүн эң жогорку деңгээли Чүй облусунда (1000 адамга 2,3 адам) белгиленди.

 

Copyright © 2017 Maral FM