Биз менен байланышыңыз

15-майда «Сабаттуу бол» өнөктүгү өтөт

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 1007 | 0

15-майда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жыйындар залында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы «Сабаттуу бол» өнөктүгүн өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара жат жазуу түрүндө өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты: коомчулукту китеп окууга, сабаттуу жазууга үндөө жана жазуу маданиятын өркүндөтүү.

Ага өлкө боюнча бала бакчалардын, орто мектептердин, жогорку окуу жайларынын мугалимдери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле, жалпы каалоочулар катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM