Биз менен байланышыңыз

«Президенттик шайлоо Кара-Суудан чечилет»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 663 | 0

Саясат талдоочу Марс Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун потенциалы абдан чоң экенин билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдор президенттик шайлоодо КСДПга көп добуш алып берген.

«Кыргызстанда президенттик шайлоо Кара-Суудан чечилет. Анткени, эл көп. Матраимовдор саясатка таасир тийгизген чоң фигура. Алардын Бакиевди кубалооодо да таасири чоң болгон. Азыр президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовго тийишсе, түштүктө чыккынчылык катары эсептелет», — дейт Сариев.

Анын белгилегенине караганда, алдыдагы парламенттик шайлоону адмнистративдик ресурсу жок өткөрүү мүмкүн эмес.

«Бизде партиялар бир кишиге байланган. Идеологиянын негизинде түптөлгөн партия жок. Парламент бийликтин көзүн карабай коюшу үчүн коом өзгөрүшү керек. Ал эми саясий элитанын аң-сезимине революция кылуу чоң иш. Азыркы бийлик өзгөчөлөрдү көтөрүүгө кызыкдар эмес. Жалпы кызыкчылыгы барлар ресурстарды бөлүштүрүп алышкан. Парламент ага бир мисал», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM