Биз менен байланышыңыз

Адамзат 50 жылда дүйнөдөгү жаныбарлардын 20%ын жок кылган

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 678 | 0

Адам баласынын активдүү өнөр жай жана айыл чарба иштеринин натыйжасында акыркы 50 жыл аралыгында, планетада жаныбарлардын болжол менен 20% түбөлүккө жок болуп, 1 миллиондон ашуун жаныбар жок болуп кетүү коркунучу астында турганын  Өкмөттөр аралык илим-саясат, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана экосистемалардын кызмат боюнча платформасынын (IPBES) макаласында айтылат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кайра калыбына келүүчү жана келбөөчү  жалпы өндүрүмдүн көлөмү 60 млрд. тонна болуп 1980-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогору болуп эсептелинет.

Айыл чарба продуктуларын өндүрүү 1970-жылдан тартып, 300% га өскөн, учурда айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал жандыктарына берүү үчүн 75% агын суу колдонулат. Ошондой эле жердин түшүмдүүлүгү көрсөтүлгөн жылдан бери 23% га төмөндөп кеткен.

1980-жылдан бери адам баласы суу экосистемасына да өз зыянын тийгизе баштаган. Көлдөргө ташталган пластикалык калдыктардын көлөмү 10 эсеге өскөн.

Жыл сайын болжол менен 300-400 тонна уулуу калдыктар жана оор металлдар океандарга ташталып, натыйжасында 400 метрге жакын «өлүк зоналар» пайда болгон.

Ошондой эле, 1992-жылдан бери шаарлардын аянты эки эсе өскөн. Бул болсо жер бетинде бир миллионго жакын жаныбарлардын түрүн тукум курут болуп жок болуп  кетүү коркунучуна алып келген.

Изилдөөчүлөрдүн бири Роберт Уотсондун айтуусу боюнча, адамзат өзү экономиканын жана жашоого болгон керектөөөрүн камсыздоо үчүн экосистеманы өзү бузууда. Эгерде адамзат жашоо негиздерин кайрадан уюштурбаса, кайрадан карап чыкпаса мындан ары да 2050-жылга чейин, балким андан да көп жыл бүгүнкүдөй жашоосун уланта бериши мүмкүн.

Адамзаттын кылган иштерин карап чыгуу үчүн 400дөн ашык окумуштуулар жана эксперттердин 15 000ден ашык эмгектери, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик булактардан алынган маалыматтар талдоого  алынган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM