Биз менен байланышыңыз

Тажик президенти бажы кызматкерин суракка алып, жалган айтып жатканын тастыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 1111 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 10-майда каржы, банк, салык жана бажы кызматкерлери менен болгон жыйында бажы кызматынын кызматкерине суроолорду берип, анын жалган айтып жатканын тастыктаганын Авеста агенттиги билдирди.

Эмомали Рахмон бажы кызматкерин микрофонго чакырып, канча үйү, канча унаасы, кайсы жакта билим алганын жана канча убактан бери иштеп жатканын сурап, жоопторунда жалган айтып жатканын тастыктап, кызматтынан кетүүсүнө буйрук берген.

Диалог төмөндөгүдөй болгон:

Эмомали Рахмон: Канча үйүң бар, чынын айт?!

Бажы кызматкери: Үч үй.

Эмомали Рахмон:  Канча унааң бар?

Бажы кызматкери: Бир.

Эмомали Рахмон: Бирөө эмес, чынын айт! Менде маалыматтар бар.

Бажы кызматкери: Эки унаа, бирок бирөө гана менин атыма катталган.

Эмомали Рахмон: Унаанын баасы канча турат?

Бажы кызматкери: …..

Эмомали Рахмон: Кайсы жактан билим алдың?

Бажы кызматкери: Орусия, Дипломатиялык академия, Мамлекеттик кызматкер.

Эмомали Рахмон: Алдаба, окууну бүтпөй калгансың?

Бажы кызматкери: Ооба, бүтпөй калганмын…

Эмомали Рахмон: Сени окууга жетишпегениң үчүн чыгарышты. Эмне үчүн балдардын атынан сүйлөп жатасың? Мына бул жаш кадр. Сенин күнөөлөрүң башыңдагы чачыңан көп экен. Түшүндүңбү? Кайсы структурада иштебе, сени бардык жерде иштен айдаган. Бул ишке кантип алып калдың, билбейм. Эч кимге баш ийбейсиң. Ал тургай, салам бербейсиң. Эмне асмандан түштүң беле? Мыйзам эмне үчүн жана ким үчүн? Күнөөң жокпу? Кемчиликтериң жокпу?

Бажы кызматкери: Бар.

Эмомали Рахмон: Барып арызыңды жазып, иштен кетесиң. Сенин жаштыгынды эске алып жатам, болбосо 15 жылдан кем эмес абакта отурмаксың. Чет өлкөгө которгон акчаларды кайра кайтарасың.

Бажы кызматкери: Кайтарып берем.

Эмомали Рахмон: Отур.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM