Биз менен байланышыңыз

Таиланд пилдерди экспорттоого уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2019 | 611 | 0

Таиланддын Соода министрлиги жана улуттук парктар департаменти пилдерди экспорттоого уруксат берди. Бул тууралуу «Тхаи Рат» басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, илимий жана дипломатиялык максаттар үчүн пилдерди жана пилдерге байланыштуу азыктарды белгиленген чекте экспорттоого уруксат берилет.

Эске салсак, 2009-жылы Таиланд өлкөсү пилдерди башка мамлекеттерге сатууга мораторий киргизишкен.

ХХ кылымдын башында Таиландда 100 миңден ашуун үй пили болгон. Учурда токойдо, кино тартуу жана башка тармактарда колго багылган 3,5 миңге жакын пил бар. Ал эми жапайы пилдин саны миңден ашпайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM