Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 543 | 0

Бүгүн 11-майда таңкы саат 05:00дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Жийде, Бак-Абад, Жар-Кыштак айылдарында 4 балл, Дардак айылында 3,5 балл, Кара-Суу, Таш-Булак аылдарында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Copyright © 2017 Maral FM