Биз менен байланышыңыз

«Тойбосс» колбаса экспорттоодо мыкты ишкана деп табылды

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 1482 | 0

«Тойбосс» соода маркасы 2018-жылдагы колбаса азыктарын экспорттоодо мыкты ишкана деп табылды. Бул тууралуу «2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» сынагынын жыйынтыгында маалым болду.

«Кыргызстандын мыкты экспорттоочусу» сынагы аркылуу ата мекендик өндүрүмдү экспорттоонун эсебинен өлкөнүн экономикасына салым кошкон жергиликтүү алдыңкы ишкерлердин эмгеги бааланып келет.

Иш-чара Кыргызстандагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жана АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин колдоосу менен өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM