Биз менен байланышыңыз

Трамп Иранга каршы жаңы чектөө киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 мая 2019 | 440 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Иранда металл казып алуу жана аларды иштеп чыгарууга каршы чектөөлөр жөнүндө буйрукка кол койду.

Мындай чектөөлөр Иранда темир, болот, алюминий жана жез өндүрүүгө тыюу салат. Санкция ирандык өндүрүүчүлөргө, металл иштеп чыгаруучу ишканалардын ээлерине, Иран металлы менен соода жүгүртүүгө каршы киргизилген. Алардын АКШ юрисдикциясындагы активдери Американын Каржы министрлиги тарабынан бөгөткө алынышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Иранга жогоруда айтылган металлдарды казып алуу жана иштетүү үчүн колдонула турган аппараттарды жеткирүүгө тыюу салынат.

Трамп санкциялар Ирандын экспортунун 10 %ын камсыздай турганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM