Биз менен байланышыңыз

Тарыхта эң көп сатылган унаалар (сүрөт баян)

Дүйнө , Кыска кабар | 9 мая 2019 | 823 | 0

Британиянын «Autocar» басылмасы сатыкка эң көп чыккан унаалардын тизмесин жарыялады.

Ал үчүн журналисттер түрдүү унаа бренддеринин 60тан ашуун үлгүлөрүнүн соода статистикасын иликтеп чыгышкан. Натыйжада эң жогорку рейтингди Toyota Corolla ээлеген. Toyota компаниясы 1966-жылдан бери 45,5 млн. Corolla унаасын саткан.

Сүрөт: Getty Images/ Robert Hradil

Ал эми экинчи орунду Volkswagen Golf багындырган. 1974-жылдан бери 34,8 млн. Golf унаасы сатылган.

Сүрөт: Getty Images/ Adam Berry

3-орунда Ford F-Series унаасы турат. Ford компаниясынын бул унаасы 1948-жылы сатыкка чыккан. Ал убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча 27,5 миллиондон ашык Ford F-Series сатылган.

Сүрөт: Getty Images/ Scott Olson

4-орунду Opel/Vauxhall Corsa хэтчбеги ээлеген. 1982-жылдан бери 18,3 млн. даана унаа сатылган.

Сүрөт: Getty Images/ Carl Court

5-орунда ВАЗ-2105 турат. Аталган унаа ар кайсы өлкөлөрдө Lada Riva жана Lada Nova деген аталышта 1980-2015-жылдар аралыгында 18 млн. даана сатылган.

Сүрөт: Charles01/ wikipedia.org

1972-жылдан бери 17,3 млн. Honda Civic унаасы сатылган. Ал рейтингде 6-орунда турат.

Сүрөт: AFP/ Adrian DENNIS

Ал эми 7-орунда Renault Clio (1991-жылдан бери 14,6 млн.);

8-орунда Hundai Elantra (1990-жылдан тарат 13,4 млн.);

9-орунда BMW 3 Series (1975-жылдан бери 13,3 млн.);

10-орунда Oldsmobile Cutlass (1961-1999-жылдар аралыгында 11,9 млн.) турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM