Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин өлүмү боюнча он иштин тогузу жазасыз калууда

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 661 | 0

Журналисттердин өлүмү боюнча тергөө жыйынтыксыз, айыпкерлер жазасыз калып жатат. Мындай пикирди бүгүн Бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө Эл аралык журналисттер федерациясынын (International Federation of Journalists, IFJ) президенти Филипп Лерут билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнү (World Press Freedom Day) 1994-жылдын 3-майынан тарта белгиленип келет.

«Сөз эркиндиги жөнүндө кеп болгондо, мени эң оболу дүйнө жүзүндө журналисттерди өлтүргөндөрдүн жазасыз калуусу тынчсыздандырат: журналисттердин өлтүргөн он адамдын тогузу азыркыга чейин жаза албай келет. Дал ушул жагдайга байланыштуу, IFJ уюму журналисттердин жана маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин көз карандысыздыгы жана коопсуздугу жөнүндө конвенцияны кабыл алуу максатында Бириккен улуттар уюумуна (БУУ) кайрылуу жолдоп келет. Бул демилгени IFJ иштеп чыгып, ал көптөгөн ЖМК уюмдары жана профсоюздар федерациясы тарабынан колдоого алынган», — дейт Лерут.

Ал кошумчалагандай, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери сөз эркиндигин урматтабайт, же террорго каршы, же жалган маалымат таратууга каршы күрөшүү деген ар кандай себептер менен чектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM