Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш уран кени боюнча токтом кабыл алды

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 990 | 0

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеӊеш республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды. Жалпысынан жыйынга катышкан 108 депутаттын 90у макул деген добуш берди. Каршы болгондор катталган жок.

Жыйында Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу чаралары боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов баштаган мамлекеттик органдар менен тиешелүү мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, эл өкүлдөрү тарабынан токтом долбооруна радиациялык коопсуздуктун сакталышы боюнча тиешелүү лицензианттардын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүү, эл аралык уюмдар тарабынан буга чейин иштетилген уран кендерин реабилитациялоого багытталган иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүү жана башка бир катар сунуштар берилди. Иштетилген уран кендеринен калган калдык сактоочу жайларды рекультивациялоодогу айрым жагдайларды эске алуу жагы белгиленди.

Жыйынтыгында, эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, укуктук-ченемдик актыларга ылайык, Жогорку Кеӊештин токтом долбоору негиз катары кабыл алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM